
Жолугушуу учурунда тараптар инфраструктураны модернизациялоого, экономикалык туруктуулукту жакшыртууга жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Гидроэлектр станцияларын курууга, логистика жана транспорт инфраструктурасын өнүктүрүүгө, ошондой эле суу камсыздоо системаларын реабилитациялоого өзгөчө көңүл бөлүндү.
Маттео Патроне Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнүн оң динамикасына канааттануу билдирип, ЕБРРдин өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого жана жогоруда аталган долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин тастыктады.