Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, иш-чарага негизги мамлекеттик органдардын, ири британ компанияларынын жана эл аралык финансылык мекемелердин өкүлдөрү катышты. Соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоого негизги көңүл бурулду.
Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев катышуучуларга өлкөдөгү учурдагы социалдык-экономикалык абал тууралуу маалымат берип, экономикалык өсүүнүн туруктуулугун белгиледи.
Кыргыз-британ бизнес кеңешинин жыйыны. МИД КРдин маалымат кызматынын сүрөтү.

Жээнбек Кулубаев Кыргызстан Британия менен өнөктөштүк мамилелерин өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи. Кызматташтык консалтинг, табигый ресурстарды казып алуу, банк сектору жана еврооблигацияларды чыгаруу сыяктуу ар кандай тармактарды камтыйт.
Кызматташтыктын негизги багыттары энергетика, транспорт жана логистика, маалыматтык технологиялар, айыл чарба жана туризм, анын ичинде заманбап тоо-шаңгы курортторун куруу болуп саналат.
Талкуулоолордун жыйынтыгы боюнча британ бизнесинин өкүлдөрү кыргыз тараптын ачыктыгын жана узак мөөнөттүү кызматташууга болгон каалоосун белгилешти, Кыргызстанды башка чет өлкөлүк компанияларга инвестиция үчүн ишенимдүү өнөктөш катары сунуштоого даяр экендиктерин билдиришти.