
Канатбек Маматов Бишкек шаардык мэриясынын дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар саясаты департаментинин жаңы директору болуп дайындалды. Бул маалымат шаардык башкармалыктын маалымат кызматы тарабынан жарыяланды.
Маматов буга чейин ошол эле департаментте окуу жана спорттук иш-чаралар бөлүмүнүн жетекчиси кызматын аркалаган.
Рустам Алишеров директордун орун басары болуп дайындалды. Ал буга чейин мэриянын борбордук аппаратынын уюштуруу-контроль иштери башкармалыгында чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүндө башкы инспектор болуп иштеген.
Шаар мэри Айбек Джунушалиев буйрукка кол койду.