
Сүрөт өкмөттүн маалымат кызматынын архивинен.
24-февралда Саламаттык сактоо министрлигинин борбордук аппаратында өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев Дамирбек Осмоновду министрдин милдетин аткаруучу катары тааныштырды, деп билдирет өкмөттүн маалымат кызматы.
Касымалиев өз сөзүндө Саламаттык сактоо министрлигинин алдына саламаттык сактоо системасын жакшыртуу, медициналык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле заманбап башкаруу технологияларын жана санариптик чечимдерди киргизүү боюнча маанилүү милдеттер коюлганын белгиледи. Медициналык мекемелердин материалдык-техникалык базасын бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулат.
Ошол эле күнү, 24-февралда, Адылбек Касымалиев Эрлист Акунбековду өкмөт башчынын орун басары жана суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин милдетин аткаруучу катары тааныштырды.
Сүрөт өкмөттүн маалымат кызматынын архивинен.

Сүрөт өкмөттүн маалымат кызматынын архивинен.

Сүрөт өкмөттүн маалымат кызматынын архивинен.

Сүрөт өкмөттүн маалымат кызматынын архивинен.

Сүрөт өкмөттүн маалымат кызматынын архивинен.

Сүрөт өкмөттүн маалымат кызматынын архивинен.

Сүрөт өкмөттүн маалымат кызматынын архивинен.

Сүрөт өкмөттүн маалымат кызматынын архивинен.
Расмий билдирүүдө өкмөт башчысы жаңы министр үчүн негизги иш багыттарын белгилеп, ага бир катар приоритеттүү милдеттерди койгондугу айтылат.
24-февралда Каныбек Досмамбетов Саламаттык сактоо министрлигинен кеткендиги тууралуу маалымат тараганын эске алуу керек. Ошол эле күнү Бакыт Торобаев өкмөт башчынын орун басары жана суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри кызматынан бошотулду.