
23-24-февралда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Швейцария Конфедерациясына БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 61-сессиясынын жогорку деңгээлдеги сегменттерине жана куралды азайтуу боюнча конференцияга катышуу үчүн жөнөп кетет, деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.
Женевдеги бул маанилүү иш-чараларга катышуунун негизги максаты Кыргыз Республикасының Улуттар Уюму, ошондой эле башка эл аралык жана регионалдык уюмдардагы улуттук приоритеттерин жана инициативаларын илгерилетүү болуп саналат.
Сапарынын алкагында министр Швейцариянын Федералдык тышкы иштер департаментинин башчысы Иньяцио Кассис менен, ошондой эле БУУга мүчө мамлекеттердин тышкы саясат ведомстволорунун башка жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.