
Ал кечинде шаарды кыдырып чыкты
Ош шаарынын мэри Жанар Акаев Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги эски базарды текшерүү учурунда шаарда заманбап эс алуу жана парктар үчүн орундардын жетишпей жатканын билдирди.
Анын айтымында, ал кечинде шаарды түнкү онго чейин кыдырып чыккан.
«Азыркы учурда шаардыктар жана туристтер үчүн эс алуу үчүн орундар жетишсиз. Шаардыктар жана шаарга келген коноктор балдары менен бирге жакшы шарттарда жана заманбап парктарда сейилдөөгө мүмкүнчүлүк алышы керек. Ошондуктан ишкерлерди тартуу зарыл жана алар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү керек. Эң мыкты долбоорлорду сунуштагандар аларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алышы керек», — деди ал.
сүрөт www