
Президент тиешелүү жарлыкка кол койду
Эрмек Омуралиев Кыргыз Республикасынын Италиядагы жаңы элчиси жана БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, ошондой эле Эл аралык айыл чарба өнүктүрүү фонду боюнча өлкөнүн туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул маалымат президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүндө айтылды.
Дайындама тууралуу жарлыкка мамлекет башчысы кол койду.
Мурда Кыргызстандын Италиядагы элчилигин Таалай Базарбаев башкарган.
Сүрөт www