Кыргызстанга Монголиядан эт жеткирилет
Орун басар министр бул келишим 367 аталыштагы товарлар боюнча өз ара бажы төлөмдөрүн төмөндөтүүнү карайт деп белгиледи. Ал үч жыл бою күчүндө болот жана келишимдин бардык талаптары аткарылган учурда дагы бир окшош мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
Талкуу учурунда депутаттар келишимге кирген товарлар тууралуу суроолорду беришти, айрыкча, эт жана фасоль менен байланыштуу экенин кызыкшышты. Чоро Сейитов эт азыктары чын эле тизмеге киргенин тастыктады. Ал Монголиядан келген эттин баасы арзан экенин айтып, келишимдин күчүнө кириши Кыргызстан рыногуна оң таасир этет деген үмүтүн билдирди.
Мындан тышкары, орун басар министр макулдашылган товарлар тизмесине жашылчалар, жемиштер, фасоль жана ар кандай жабдуулар да киргенин билдирди.
Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору депутаттар тарабынан биринчи окууда бекитилди.