

Мындан тышкары, табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев кызматынан кетти.
Транспорт жана байланыш министринин ордуна милдетин аткаруучу Талантбек Солтобаев дайындалды. Анын кандидатурасы Жогорку Кеңешке каралууга жиберилди.
Эскерте кетсек, Талантбек Солтобаев буга чейин Нарын шаарындагы Шералиев көчөсүнүн оңдолушу боюнча УКМК тарабынан кармалган.
Интернеттен алынган сүрөт
Ошондой эле, табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министринин жаңы милдетин аткаруучусу Акыл Токтобаев болду, анын кандидатурасы да Жогорку Кеңеште макулдашылат.
Интернеттен алынган сүрөт. Акыл Токтобаев
Парламентте талкууланган соң анын дайындалышы боюнча акыркы чечим кабыл алынат.
Мындан мурда жаңы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин милдетин аткаруучу Урматбек Шамырканов болуп дайындалганы маалымдалган.
