Орунбеков Ташиевге каршы фейк-кампания жүрүп жатканын билдирди
"Биз генерал Камчыбек Ташиевди жана анын айланасындагыларды каралоо аракетин жасап жаткан фейк профилдердин аракеттерин көзөмөлдөп жатабыз. Бул жасалма түрдө кырдаалды курчутууга багытталган провокация катары бааланат", - деп баса белгиледи ал.
Пресс-кызматтын жетекчиси ошондой эле тиешелүү органдар күнөөлүүлөрдү аныктоо боюнча иш алып барышканын жана алар жоопкерчиликке тартыларын кошумчалады.
Мындан тышкары, ал социалдык тармактарда дезинформацияны таратуу кылмыш катары каралышы мүмкүн экенин белгиледи.
"Саясий заговорлорду уюштуруу жана социалдык тармактарда провокациялык материалдарды жарыялоо кылмыштуу иштер болуп саналат. Мазмунуна жараша, мындай жарыялар кылмыш ишин козгоого негиз боло алат", - деди Орунбеков, колдонуучуларды өз пикирлеринде жоопкерчиликтүү болууга чакырып.
Камчыбек Ташиевге жакын Откурбек Рахманов да ушундай эле позицияны билдирди. Анын айтымында, интернетте Ташиевдердин үй-бүлөсүн дискредитациялоого багытталган координацияланган кампания башталды.
Ал Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев жана Тай-Мурас Ташиевге каршы багытталган видеоматериалдардын таралуусу тууралуу маалымдады. Анын пикири боюнча, мындай жарыялардын максаты Камчыбек Ташиевдин репутациясын бузуу.
Рахманов ошондой эле видеодо айтылган фактылар, анын ичинде майрамдоолор жана турак жай курулушу, өлкөнүн азыркы жетекчилиги бийликке келгенге чейин болгондугун жана мурунтан коомчулукка белгилүү экенин белгиледи.
Мындан тышкары, ал Тай-Мурас Ташиевдин бир иш-чарага вертолет менен келип, кортеж менен жүргөнү тууралуу маалыматты четке какты, бул маалыматтардын башка окуялардан, анын ичинде чет өлкөдөн алынган кадрлар экенин айтып, дискредитациялоо үчүн колдонулуп жатканын билдирди.
Анын пикири боюнча, мындай маалыматтык чабуулдар Камчыбек Ташиевди терс жактан көрсөтүүгө багытталган, бирок коом, анын айтымында, болуп жатканды өз алдынча баалай алат.