Госдуманын спикери КР парламентинин башчысын Москвага чакырды
Сүйлөшүү учурунда Володин кыргызстандык кесиптешин жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы өз ара аракеттенүү Россия менен Кыргызстан ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө маанилүү роль ойнорун белгиледи.
Россия Федерациясынын элчилигинин сүрөтү
Тараптар ошондой эле Россия менен Кыргызстандын мыйзам чыгаруу органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
Мындан тышкары, Вячеслав Володин Марлен Маматалиевге Россияга расмий сапар жасоону сунуштады, ага кыргыз спикер оң жооп берди.