

Бишкекке жумушчу сапар менен Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода келип, Кыргызстан өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдиргендей.
«Манас» эл аралык аэропортунда аны өкмөт башчынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы боюнча жооптуу Бакыт Торобаев тосуп алды.
Сапарынын алкагында Кохир Расулзода Бишкекте өтө турган Кыргызстан жана Тажикстан өкүлдөрүнөн турган өкмөттөр аралык кеңештин биринчи жыйынына катышат.





Жыйналыштын аяктоосунан кийин бир нече келишимдерге кол коюу пландалууда. Ошондой эле, эки өлкөнүн премьер-министрлери борбордогу инфраструктуралык объекттерди кыдырат деп күтүлүүдө.