
Указ 11-февралда президент Садыр Жапаров тарабынан кол коюлган.
Бул чечим "жашыл" агросекторду өнүктүрүүгө, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, табигый ресурстарды коргоого жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган мамлекеттик саясатта маанилүү кадам болуп саналат.
Жашылча.
Улуттук күндү белгилөө алкагында органикалык продукцияга арналган базарлар жана көргөзмөлөр, ошондой эле фермерлер үчүн семинарлар жана тренингдер пландалган. Мындан тышкары, жаштар үчүн билим берүү иш-чаралары өткөрүлөт. Ведомство бул экологиялык багыттагы экономикасын өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын эл аралык имиджин жакшыртууга болгон кадам экенин белгиледи.