
Бүгүн Жогорку Кенештин жыйынында Нурланбек Тургунбек уулу спикерлик кызматтан өз ыктыяры менен кетүү чечимин жарыялады. Ал бул кызматты 2022-жылдан бери аркалап келген.
Спикер өзүнүн иши ар дайым өлкөнүн жана кыргыз элинин кызыкчылыгына багытталганын, жеке адамдардын кызыкчылыгына эмес экенин баса белгиледи. «Мен өлкөбүз үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алууга өз салымымды коштум. Мен депутат катары кала берем жана саясий туруктуулукту камсыз кылуу үчүн интригалардан качып, өз ишимди улантууну ниет кылып жатам», — деди ал.
Мындан тышкары, Тургунбек уулу Түркиядон кайтып келген делегациянын оң натыйжалары тууралуу маалымдады.
Мурда спикердин кызматтан кетиши мүмкүн экендиги тууралуу маалыматтар пайда болгон, бул анын Түркияга болгон сапарынан кийин башталганы айтылган. Бул билдирүү ГКНБнын жетекчиси жана өкмөт башчынын орун басары Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетишинен кийин айтылган.