
Камчыбек Ташиев өзүнүн кызматтан кетиши боюнча билдирүү жасады. Журналист Нургазы Анаркулов анын кайрылуусун социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырды.
"Урматтуу жарандар!
Мен оорунун себептеринен улам Германияга президенттин уруксаты менен медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн чыгып кетүүгө мажбур болдум.
Бирок кечээ күтүүсүздөн мени кызматтан бошотушту, албетте, бул мен үчүн шок болду. Деген менен, биз президенттин чечимин урматтообуз керек.
Мен чын жүрөктөн өлкөбүзгө, элге жана президентке кызмат кылдым, жана мен бул менен сыймыктанам. Жамаат менен коштошууга мүмкүнчүлүк болбогонуна бир аз капаланып турам. ГКНБнын ар бир кызматкерине ыраазычылык билдирип, келечекте ийгилик каалайм!
Биздин өлкөдө тынчтык жана туруктуулукту сактоо үчүн эч ким мыйзамсыз аракеттерге барбашы керек, жана биз кабыл алган ар бир чечим мыйзамга негизделиши керек", - деди Ташиев өзүнүн кайрылуусунда.
Эскерте кетсек, 10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди ГКНБнын төрагалыгынан бошотуу боюнча указга кол койгон.