Жыйналышка 42 депутаттын 28и катышууда.
Күн тартибинде — 7 маселе:
- Ж-1 аймактарында кыймылсыз мүлктү пайдалануу тизмесине өзгөртүүлөр.
- Ж-1 аймактарында кыймылсыз мүлктү пайдалануу тизмесине өзгөртүүлөрдү талкуулоо.
- Муниципалдык менчикти алмаштыруу тартиби боюнча жобону бекитүү.
- «Каракол шаардык мэриясынын Муниципалдык инспекциясы» муниципалдык мекемесин түзүү жана анын жобосун бекитүү.
- Муниципалдык мүлктү эсептен чыгаруу тартиби боюнча жобону бекитүү.
- Л. Толстой көчөсүн Абдыша Молдакуновдун ысымына өзгөртүү.
- 2021-жылдын 12-мартындагы Чельпек айылдык кенешинин №16 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү.