«Кыргызалтындын» сүрөтү
Сүйлөшүүлөрдүн учурунда Кыргызстандагы кен казуу тармагынын өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнө, заманбап технологияларды киргизүүгө, лабораториялык изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө, квалификациялуу адистерди даярдоого жана жергиликтүү өндүрүштү эл аралык стандарттарга жана Европалык Союздун талаптарына ылайык илгерилетүүгө басым жасалды. Ошондой эле туруктуу өнөр жай экосистемасын түзүү жана критикалык маанидеги минералдар боюнча кызматташтыкты кеңейтүү маселелери да талкууланды.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында «Кыргызалтын» акционердик коому Pangea Global, Mooney Group жана TETHYS Gateway Investment менен өз ара түшүнүшүү меморандумдарын түздү.
Компаниялар жөнүндө маалымат
Pangea Global энергетика секторун, анын ичинде редкоземель элементтерин казып алууну өнүктүрүү менен алектенет.
Mooney Group критикалык маанидеги минералдар жана стратегиялык металлдар боюнча инвестициялар жана консалтингге көңүл бурат.
TETHYS Gateway Investment Түркия жана Борбордук Азиядагы пайдалы казындылар, инфраструктура жана энергетика тармагындагы долбоорлорго багытталган инвестициялык платформа болуп саналат.
Nasdaq америкалык фонддук биржа жана глобалдык капитал рыногу үчүн инфраструктуралык жана финансылык кызматтарды сунуштаган технологиялык компания болуп саналат.