АКШда улуттук коопсуздукка коркунуч туудургандыктан өзгөчө абал жарыяланды
Документте Трамп Куба боюнча түзүлгөн кырдаал улуттук коопсуздук жана АКШнын тышкы саясаты үчүн өзгөчө жана олуттуу коркунучту жаратып жатканын белгилейт. Ошентип, ал улуттук өзгөчө кырдаал жарыялайт.
Мындан тышкары, жаңы мыйзам Вашингтондун Кубага түздөн-түз же кыйыр түрдө нефть жеткирип жаткан өлкөлөрдөн импортко кошумча бажы төлөмдөрүн киргизүүгө мүмкүндүк берет.
Буйрукта ошондой эле кубалык бийликтер АКШга душмандык кылган өлкөлөр жана топтор, мисалы, Россия, Кытай, Иран, ошондой эле ХАМАС жана «Хезболла» уюмдары менен кызматташып жатканы белгиленет.