Депутаттык мандатка талапкерлердин тизмеси төмөнкүдөй:
- Акылбек Арстанбеков;
- Уланбек Асанов;
- Токторали Калматов;
- Уланычбек Чолпонов.
Талапкерлер тарабынан берилген документтер текшерилгенден кийин, алар мыйзамдык талаптарга жооп берери аныкталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу төрт талапкерди каттоону сунуштады.
Повтордук шайлоолорго катышуу ниетин билдирген арыздарды 29-январга чейин берүүгө болот.
Жогорку Кенешке мөөнөтүнөн мурда шайлоолор 2025-жылдын 30-ноябрында өттү. Бирок, бул округдагы добуш берүү жыйынтыктары мыйзам бузулууларынын аныкталышына байланыштуу күчүнө кирген жок.
Повтордук шайлоолор 1-мартка белгиленди.