Экс-депутат ЖК Шайлообек Атазов абактан чыкты
Мурдараак дагы бир экс-депутат Кубанычбек Кадыров абактан чыкканын белгилеп өтүү керек.
Эскерте кетсек, Шайлообек Атазов 2025-жылдын ноябрь айында бир нече башка саясатчылар жана коомдук ишмерлер менен бирге өлкөдө массалык башаламандык уюштурууга шектелип кармалган.
Ошол эле иш боюнча 1971-жылы туулган Дж. М. аттуу таанышына да кармоо жүргүзүлгөн. Ички иштер министрлиги мурда кармалган адамдын Атазов менен унаада сүйлөшүп жаткан видеосун жарыялаган, анда ал өлкөдөгү учурдагы абалга, баалардын өсүшүнө нааразычылыгын билдирет.