Марлен Маматалиев түнкү убакта иштөө үчүн кошумча төлөмдү жокко чыгарууну сунуштады
Депутат түнкү убакта таштанды чыгаруу жана жолдорду оңдоо иштерин жүргүзүүнү сунуштады
Парламенттин жыйынында депутат Марлен Маматалиев таштанды чыгаруу жана жолдорду оңдоо иштеринин түнкү убакта жүргүзүлүшү керектиги тууралуу пикир билдирди.
«Эмгек коргоо» мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда ал башка өлкөлөрдө мындай иштер түн ичинде жүргүзүлөрүн белгиледи.
«Күндуз тыгындар пайда болот, жолдор жабык. Чет өлкөлөрдө бул түнкү убакта аткарылат. Бизде түнкү жумуш эки эсе тариф менен төлөнөт, бул мыйзамда жазылган. Неге биз бул жагдайды өзгөртпөсүбүз?» — деди ал эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Камчыбек Досматовго.
Министрликтин өкүлү депутаттын сунушун карап чыгууну убада кылды.
Сүрөт www