Кыргызстан мамлекеттик секторду дүйнөлүк капитал рынктарына чыгууга даярдап жатат
Жыйын президенттин 2025-жылдын 29-январында кол койгон 27-номерлүү Указынын аткарылышынын алкагында өттү, анда инвестициялык климатты жакшыртуу жана эл аралык каржылоонун булактарына жетүүнү кеңейтүү боюнча чаралар каралган.
Кабминдин сүрөтү
Данияр Амангельдиев жыйынды ачып жатып, биринчи жыйында талкууланган өлкөнүн биринчи еврооблигацияларын эл аралык аренада жайгаштыруу боюнча жыйынтыктарды эске салды жана Улуттук инвестициялык фондду түзүү боюнча маселелерди белгиледи.
Анын айтымында, өткөн жыйынынан бери чоң иштер жасалды: мамлекеттик компаниялардын финансылык көрсөткүчтөрү боюнча терең анализ жүргүзүлдү, ошондой эле алардын эл аралык базарларга чыгууга даярдыгы жана мүмкүнчүлүктөрү бааланды. Кээ бир ишканалар конкреттүү инвестициялык сунуштар жана презентациялар даярдашты.
Жыйындын катышуучуларынын негизги көңүлү мурда берилген көрсөтмөлөрдүн аткарылышына жана мамлекеттик сектордун эл аралык финансылык базарлар менен өз ара аракеттенүүгө даярдыгын баалоого бурулду. Ири компаниялардын жетекчилери финансылык абалы тууралуу актуалдуу маалыматтарды сунуштап, тышкы жана ички инвестицияларды тартуу боюнча стратегиялык жактан мамилелерин белгилешти.
Жыйынды жыйынтыктап, Данияр Амангельдиев мамлекеттик ишканалардын жетекчилигине учурдагы башкаруунун чегинен тышкары турган милдеттер коюлганын баса белгиледи. Ал Кыргызстанды глобалдык финансылык базарларда ачык жана келечектүү оюнчу катары формалаштырууга жардам берген масштабдуу долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Окшош материалдар:
