Асмандын долбоору Шанхай жана Нанкин шаарларында инвесторлорго сунушталды
Маалыматка караганда, кыргызстандык делегация Шанхай Минхоу Сюйи Бизнес компаниясы өткөргөн эл аралык бизнес-форумга катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө өлкөдөгү инвестициялык климаттын мүмкүнчүлүктөрү талкууланып, санариптештирүү, инфраструктуралык долбоорлор жана шаар курууда заманбап технологияларды колдонууга көңүл бурулду.
Сүйлөшүүлөрдүн процесси тараптардын ниеттерин талкуулаганынан конкреттүү аракеттерге өтүшүп, бир нече документтерге кол коюу менен аяктады. Бул келишимдер биргелешкен инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүүгө жана узак мөөнөттүү өнөктөштүктү орнотууга багытталган, деп белгилешти ведомствонун өкүлдөрү.
Окшош материалдар:
