Меккеде Кыргызстандык зыяратчылар үчүн акысыз мейманкана курула баштады
Орунбековдун айтымында, долбоор президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашырылууда. Бул мейманкана Сауд Аравиясына хадж кылуу же окуу үчүн келген Кыргызстандын жарандарына акысыз жайгашууну камсыздайт.
Бирок, курулуштун аяктоо мөөнөтү, каржылоонун көлөмү жана объекттин пайдаланууга даяр болуучу күнү боюнча так маалыматтар азырынча берилген жок.
Учурда мейманкананы башкаруу жана киргизүү механизми боюнча тиешелүү мекемелерден расмий комментарийлер жок.
Окшош материалдар:
