Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровдун улуу уулу республика өкмөтүнүн орун басары болду
Рамзан Кадыровдун Telegram-каналынан алынган сүрөт. Ахмат Кадыров республика өкмөтүнүн орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды
Уулунун дайындалышынан тышкары, Рамзан Кадыров ошондой эле тышкы байланыштар жана маалымат үчүн жооптуу Ахмед Дудаевди өкмөтүнүн орун басарынын милдетин аткаруучу болуп бекитти.
Чеченстандын лидери Ахмат Кадыров менен Ахмед Дудаевдин башкаруу боюнча чоң тажрыйбасы бар экенин, өз тармактарында терең билимдерге ээ экенин жана жооптуу, натыйжалуу жетекчилер катары өздөрүн көрсөтүшкөнүн белгиледи.
Эске салсак, 20 жаштагы Ахмат Кадыров 2024-жылдын майында Чеченстандын спорт министри болуп дайындалган. Ал буга чейин республика башчысынын кеңешчиси, спорт министринин орун басары жана жаштар иштери министри кызматтарын аркалаган. Ошондой эле, ал «Ахмат» футбол клубунун президенти болуп саналат.
Мындан тышкары, 2023-жылдын 5-ноябрында Рамзан Кадыровдун дагы бир уулу Адам Чеченстандын президентинин коопсуздук бөлүмүнүн начальниги болуп дайындалган. Жетинчи класстын окуучусу Адам 2025-жылдын жазында Чеченстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалган. Офис тарабынан расмий тастыкталган маалымат жок болсо да, Коопсуздук кеңешинин сайтында Адам Кадыров 2025-жылдын апрелинен бери бул кызматты аркалап жаткандыгы көрсөтүлгөн.
Окшош материалдар:
