Мюзикл «Раймалы жана Бегимай» 10 млн сомдук инвестиция менен 30 млн сом пайда тапты, - маданият министри
2025-жылы Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын сахнасында эки ири мюзиклдун премьерасы — «Раймалы жана Бегимай» жана «Джамиля» болуп өттү. Алгачкы мюзиклду ишке ашыруу үчүн 10 миллион сом бөлүнгөн, учурда ал 30 миллион сом киреше алып келди. Бул тууралуу АКИpress агенттигине берген маегинде маданият министри Мирбек Мамбеталиев билдирди. Министрдин айтымында, «Раймалы жана Бегимай» мюзикли Бишкекте 15 жолу көрсөтүлгөн жана бардык спектаклдер толук залдарда өткөн. Жакында ал
