Башкы бет » Окуялар » Тажикстанда жер титрөө болду, ал Кыргызстандын түштүгүндө сезилди
Окуялар

Тажикстанда жер титрөө болду, ал Кыргызстандын түштүгүндө сезилди

Бүгүн түнү Тажикстанда жер титирөө болду, аны Кыргызстандагы тургундар да сезишти. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту маалымдады.

Берилген маалыматка ылайык, жер астындагы сокку 6,5 балл күчүнө жетип, 3:14тө катталды.

Жер титирөөнүн эпицентри Тажикстан аймагында, Ош шаарынан 223 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Кыргызстандын түштүк аймактарында тербелүүлөрдүн интенсивдүүлүгү 3 баллды түздү.
Окшош материалдар:
gazeta.kg сайтын колдонуу менен сиз купуялуулук саясатын кабыл аласыз.
ОК