2025-жылы билим берүү тармагына 75,3 млрд сом бөлүнөт
Ал белгилегендей, бул сумма 2021-жылы бөлүнгөн каражаттардан 85% жогору, ошол жылы 40,7 миллиард сом бөлүнгөн.
Анын маалыматына ылайык, 2025-жылы мектепке чейинки билим берүү менен камтылган балдардын саны 257,3 миңди түзөт, ал эми 1997 бала бала бакчаларда орун алат.
«2021-жылы балдарды камтуу деңгээли 22% түзсө, 2025-жылга чейин бул көрсөткүч 51% га өсөт», - деп баса белгиледи ал.