7-класстын окуучулары үчүн «Табигат илимдери» предмети боюнча окуу китеби чыгарылды
Билим берүү министрлигинин маалымат кызматынан алынган маалыматка ылайык, жалпы тираж 144 965 нускадан турат. Анын ичинен 86 600 нуска кыргыз тилинде билим берүүчү мектептерге, 58 365 нуска болсо орус тилинде билим берүүчү мекемелерге арналган.
Окуу китептери өлкөнүн бардык бурчунда жайгашкан билим берүү мекемелерине бөлүштүрүлөт.