Alatoo Hub Battleнын мааниси студенттик ишкерликти жана стартап экосистемасын өнүктүрүүгө көмөктөшүүдө. Иш-чаранын алкагында ар кандай жогорку окуу жайларынан студенттер, ишкерлер, инвесторлор жана эксперттер чогулат, катышуучуларга каржылоону жана кесиптик колдоону алуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Катышуу үчүн бир нече шарттарды аткаруу керек:
- команда түзүп, стартап идеяны иштеп чыгуу;
- баалуу сунушту жана максаттуу аудиторияны аныктоо;
- иштеген MVP түзүп, тестирлөө;
- МУАдагы стартап тренинг программасына кирүү;
- өз долбоорунун презентациясын даярдоо.
Чемпионатка катыша алат:
- бакалавриат жана магистратура студенттери;
- 2ден 5ке чейин адамдан турган командалар;
- буга чейин инвестиция же грант албаган прототиптери бар долбоорлор;
- баардык багыттар: EdTech, FinTech, AgriTech, HealthTech, CyberTech, Robotics, BioTech, GameTech, IndustrialTech.
- Финал 2026-жылдын 8-апрелинде «Ала-Тоо» эл аралык университетинде (мкр. Тунгуч, ул. Анкары, 1/8) өтөт, анда 20 тандалган команда беш номинацияда сыйлыктар үчүн атаандашып, ар бир номинацияда 1000 долларлык каржылоону алууга мүмкүнчүлүк алат.
Жеңүүчүлөр төмөнкү номинациялар боюнча аныкталат:
- Best Social Impact – адамдардын жана коомдордун жашоо сапатын жакшыртуучу эң чоң социалдык таасирге ээ стартап үчүн.
- The Most Innovative – эң оригиналдуу жана технологиялык идеясы бар долбоор үчүн.
- Best AI Startup – практикалык жана масштабдуу чечимдерди түзүүдө искусственный интеллектти эң жакшы пайдаланган стартап үчүн.
- Outstanding Pitching – эң ишенимдүү жана шыктандыруучу презентациясы бар команда үчүн.
- Exponential Growth – эң жогорку өсүү потенциалына жана масштабдоого даяр стартап үчүн.
- Арыздарды кабыл алуу 2026-жылдын 23-февралынан 15-мартына чейин hub.alatoo.edu.kg порталы аркылуу жүргүзүлөт.
Катышуу боюнча суроолор үчүн электрондук почтага кайрылсаңыз болот: [email protected].
Кошумча маалыматты МУАнын расмий сайтынан (https://alatoo.edu.kg/) жана Instagram @alatoo.edu.kgдан таба аласыз.