Мэриянын маалымат кызматынын маалыматына ылайык, бул иш-чара окуу маданиятын жайылтууга, маданий мурастарды сактоого жана борбордун билим берүү мекемелеринин окуучуларынын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.
Конкурска райондук этаптардын жеңүүчүлөрү болгон 11 команда катышты.
Судьялар тобун белгилүү театр жана кино актёру, эмгек сиңирген артист Руслан Оразакунов жетектеди.
Конкурстун жыйынтыктары төмөнкүчө:
- Гран-при — №75 мектеп;
- I орун — №84 мектеп;
- II орун — №67 мектеп;
- III орун — №82 мектеп.
Бардык жеңүүчүлөр жана сыйлыктарды алган катышуучулар грамота жана эскерүү белектерин алышат.