Билим министри жана Улуу Британиянын элчиси 10-12-класстар үчүн окуу китептерин лицензиялоо маселелерин талкуулашты
Жолугушуунун жүрүшүндө Кендирбаева элчиге 10-12-класстагы окуучулар үчүн англис тили боюнча окуу китептеринин лицензияларын алуу боюнча жардам бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.
Ал англис тили бүгүнкү күндө бизнес жана технологияларда маанилүү орунда экенин белгилеп, анын үйрөнүшү жаштарга дүйнөлүк коомчулукка интеграциялануу мүмкүнчүлүгүн берет жана туруктуу өнүгүүнүн экономикалык жана глобалдык инициативаларына активдүү катышууга шарт түзөт деп айтты.
Элчи министрлик менен, анын ичинде жогорку класстардын окуу китептеринин лицензиялануусуна байланыштуу маселелер боюнча мындан аркы кызматташууга даяр экенин билдирди.
Мындан тышкары, мектепке чейинки билим берүү тармагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Дагы окуңуз:
Без изображения
«Евразия» миллиондордун Кыргызстандагы күнүмдүк жашоосун кандайча өзгөртөт
Curl error: Operation timed out after 120001 milliseconds with 0 bytes received...