Билим берүү министрлигинин маалымат кызматынын маалыматына ылайык, бул этапка 21 844 окуучу катышып, алардын 1606сы III (облустук/шаардык) этапка өттү.
Региондор боюнча маалымат (катышуучулардын саны жана III этапка өткөндөр):
- Бишкек шаары — 2807 катышуучу, алардын 146сы ары өттү;
- Ош шаары — 148 катышуучу, 34ү этапты өттү;
- Ысык-Көл облусу — 2545 катышуучу, 189ы өттү;
- Ош облусу — 2418 катышуучу, 230у өттү;
- Нарын облусу — 2090 катышуучу, 115и өттү;
- Талас облусу — 1221 катышуучу, 124ү өттү;
- Баткен облусу — 1487 катышуучу, 181и өттү;
- Чүй облусу — 3737 катышуучу, 272си өттү;
- Жалал-Абад облусу — 5391 катышуучу, 315и өттү.
Олимпиада төмөнкү предметтерди камтыды:
- англис тили, математика, информатика, физика, химия, биология, география, тарых;
- кыргыз тилинде билим берүүчү мектептер үчүн: кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты;
- орус тилинде билим берүүчү мектептер үчүн: кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты.