Билимдүү эл – мамлекеттин негизги байлыгы. 2025-жылы Ош облусунда 16 мектеп ачылды.
2025-жылы Ош облусунда 16 жаңы билим берүү мекемесинин курулушу аяктаган. Бул тууралуу премьер-министр Адылбек Касымалиев Узген районундагы Жылалды айылында бир мектептин ачылышында билдирди.
Касымалиев өз сөзүндө билимдүү элдин ар бир өлкөнүн негизги байлыгы экенине көңүл бурду. Ал: «Бүгүнкү күндө дүйнөнү башкаруу күч менен эмес, билим менен жүргүзүлүп жатат. Сиздер билгендей, биздин президент Садыр Жапаров тарабынан жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири билим берүүнүн сапатын жакшыртуу жана бул үчүн зарыл шарттарды түзүү. Биздин өлкөдө балдарга көбүрөөк көңүл бурулуп, заманбап мектептер курулууда, алар эксплуатацияга киргизилүүдө», - деп баса белгиледи премьер-министр.