Соревнование 16 өлкөдөн 189 катышуучуну чогултту, алардын арасында Армения, Азербайжан, Болгария, Египет, Грузия, Венгрия, Израиль, Италия, Кыргызстан, Румыния, Сербия, Сирия, Түркмөнстан, Украина, Улуу Британия жана Өзбекстан бар.
Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, олимпиадада Кыргызстандан 8 окуучу катышып, 7 медаль жана 1 катышуу сертификатын жеңип алышты.
Олимпиаданын жыйынтыктары төмөндө берилген:
Алтын медалдар:
- Абдуллахан Абдирасулов — 10-класс, «Сейтек STEM» мектеби. Тренер — Кылычбек Урайымов;
- Рамазан Мананов — 10-класс, «Сейтек STEM» мектеби. Тренер — Кылычбек Урайымов.
Күмүш медалдар:
- Саид Джаныкеев — 10-класс, «Сейтек STEM» мектеби. Тренерлер — Кылычбек Урайымов, Бексултан Алмазбеков;
- Эмирхан Сыдыков — 8-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби. Тренер — Евгений Кичак.
Бронза медалдар:
- Бектен Абдувалиев — 8-класс, International School of Kyrgyzstan. Тренер — Мирбек Бакиров;
- Азирет Исраилов — 9-класс, Intellect School. Тренер — Медербек Осмонов;
- Аруубек Баймырзаев — 9-класс, президенттик лицей «Акылман». Тренер — Медербек Осмонов.
Катышуу сертификаты:
- Актан Мавлянов — 9-класс, Intellect School. Тренер — Медербек Осмонов.