Талантбек Арыков Панфилов райондук билим берүү бөлүмүнүн начальниги болуп дайындалды

Юлия Воробьева Билим берүү
VK X OK WhatsApp Telegram
Панфилов райондук билим берүү бөлүмүнүн начальниги болуп Талантбек Каналбекович Арыков дайындалды. Ал Жайыл районунан ротациянын натыйжасында жаңы кызматка которулду.

11-февралда район акими Бекмаат Масаидов Арыковду тиешелүү буйрукка ылайык эмгек жамаатына тааныштырды.

Талантбек Арыков 1963-жылдын 17-декабрында Жайыл районунун Сары-Булак айылында туулган. Ал 1986-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин математика факультетин аяктап, жогорку билим алган (буга чейин — 50 жылдык СССР атындагы Кыргыз мамлекеттик университети).

Анын карьерасынын негизги этаптары:

— 1986–1987-жылдар — Панфилов районундагы А.Осмонов атындагы мектепте математика мугалими;

— 1987–1989-жылдар — Кара-Балтадагы А.С. Макаренко атындагы №10 интернат мектепте математика мугалими;

— 1989–1993-жылдар — Кара-Балта шаарындагы №11 орто мектепте окуу иштери боюнча директордун орун басары;

— 1993–1994-жылдар — Кара-Балта шаарындагы №12 орто мектепте окуу иштери боюнча директордун орун басары;

— 1994–1995-жылдар — Жайыл райондук администрациясынын жарандык коргонуу штабынын жетекчиси;

— 1995–1996-жылдар — Кара-Балта шаарындагы №12 орто мектепте математика мугалими;

— 1996–2006-жылдар — Кайыңды шаарындагы №3 орто мектептин директору;

— 2006–2018-жылдар — Панфилов райондук билим берүү бөлүмүнүн начальниги;

— 2018-жылдан азыркы убакка чейин — Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси.

Наградалары жана наамдары: ал КР Билим берүү жана илим министрлигинин көптөгөн Ардак грамоталары менен сыйланган, ошондой эле «Билим берүү отличниги» жана «Физикалык маданият отличниги» наамдарына ээ. Арыков «Кыргыз Республикасына эмгектери сиңген билим берүү кызматкери» наамына ээ болду. Мындан тышкары, ал Панфилов жана Жайыл райондорунун, ошондой эле Кара-Балта жана Кайыңды шаарларынын «Ардактуу жараны» болуп саналат.

Арыков үй-бүлөлүү, төрт баланы тарбиялап жатат.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: