Мектеп окуучуларына ОРТга даярдануу үчүн акысыз мобилдик жардамчы даярдалып жатат
Билим берүү министрлигинде жалпы республикалык тестирлөөгө (ОРТ) даярданып жаткан мектеп окуучулары үчүн мобилдик колдонмо түзүү боюнча иштер жүрүп жатат.
Ведомстводон алынган маалыматка ылайык, бул долбоор тесттик материалдарга жеткиликтүүлүктө тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга жана өлкө боюнча бардык абитуриенттер үчүн даярдык шарттарын түзүүгө багытталган.
Колдонмодо ОРТго кирген бардык предметтер боюнча тапшырмаларды жайгаштыруу пландалууда. Суроолор мурунку жылдардагы тесттердин негизинде, билим берүү жана окутуу методдору боюнча баалоо борбору тарабынан даярдалган.
Азыркы учурда колдонмо текшерүү стадиясында. Профильдик адистер контентти экспертизадан өткөргөндөн кийин, кызмат акысыз форматта ишке киргизилет.