Ош шаарында «Асан-Үсөн» бала бакчасынын кошумча корпусу ачылды
Ачылыш аземине министр Догдуркүл Кендирбаева, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жана Ош облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев катышты. Мерчемге бала бакчанын кызматкерлери жана тарбиялануучулардын ата-энелери да катышты.
Министрликтен билдиришкендей, бала бакчанын эски имараты толугу менен оңдолгон: терезелери жаңыланып, фасады тартипке келтирилген. Мындан тышкары, балдар үчүн оюн зоналары түзүлүп, альтаналар жана отургучтар орнотулган.
Дагы окуңуз:
Ошто «Асан-Усон» балдар бакчасынын жаңы корпусу пайдаланууга берилди
html Бүгүн Ош шаарында, А. Масалиев көчөсүндө, «Асан-Усон» балдар бакчасынын жаңы корпусунун...