Иссык-Кулда мугалимдер билим берүүдө санарип платформалар жана жасалма интеллектти колдонуу маселелерин талкуулашууда
Билим берүү министрлигинин маалымат кызматына ылайык, бул иш-чарага 300дөн ашык мугалим катышууда.
Билим берүү министринин орун басары Лира Самыкбаева «Кыргызстандын билим берүү системасы цифрдык доордо» темасында доклад жасады. Өз сөзүндө ал билим берүү процесси үчүн бирдиктүү цифрдык экосистеманы түзүүнүн зарылдыгына көңүл бурду.
Лира Самыкбаева айткандай, бул экосистеманын негизин үч негизги реестр түзөт: окуучулар реестри, мугалимдер реестри жана билим берүү мекемелеринин реестри. Бул реестрлер бардык керектүү маалыматты бир жерде топтоого жардам берет, мамлекеттик структураларга жеткиликтүүлүктү камсыз кылып, билим берүү процессинин ачыктыгын жогорулатат.
Форумдун алкагында ошондой эле цифрдык билим берүү платформаларын, электрондук күндөлүктөрдү, окуучулар жана мугалимдер үчүн реестрлерди, аналитикалык системаларды, ошондой эле жасалма интеллекттин жалпы билим берүү системасындагы ролун колдонуу темалары каралууда.