Узген районунда милиция кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду
3-январь 2026-жылы Узген районунда Куршаб айылдык бөлүмүнүн кызматкерлери кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, эки адамды мыйзамсыз кармап, зарыл процессуалдык документтерди толтурбай, зомбулук колдонушкан. Бул аракеттердин натыйжасында кармалган адамдардын бири, А.Б., ден соолугуна оор зыян келтирилген. Бул маалымат Башкы прокуратуранын басма сөз кызматында айтылды. 5-январь 2026-жылы Ош облусунун прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин