Экс Өкмөт үйүнүн ордунда коомдук имарат куруу пландалууда, - Бишкектин вице-мэри
. Жыйында 2050-жылга чейин шаарды өнүктүрүүнүн жалпы планынын долбоору тууралуу маалымат сунушталды. 2025-жылдын жайында Абдумомунов көчөсүндө жайгашкан мурдагы Өкмөт үйүнүн имараты тарых жана маданият эстеликтери тизмесинен алынып салынганы белгилүү болду. Бул чечимди Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.