Сибирь жарасынын очокторун жоюу Кыргызстандан аяктоодо
Кыргызстанда сибирь жарасынын очогун жоюу боюнча иштер аяктап жатат. Бул тууралуу Ветеринардык кызмат жана мал чарбасын өнүктүрүү департаментинин директору Адилет Сотовалдиев агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча парламенттик комитеттин жыйынында билдирди. Сотовалдиевдин маалыматына ылайык, быйыл инвентаризация жүргүзүлүп, натыйжада өлкө боюнча 567 сибирь жарасынын очогу аныкталган.