Эки жаштагы бала 17 магнитти жутуп алды: Хирургдар шашылыш операция жасашты
Ош шаарындагы облустук балдар клиникалык ооруканасында 2 жаштагы балага шашылыш операция жасалды. Ушул тууралуу мекеменин башкы дарыгери Жыргалбек Толоров билдирди, окуя 15-январда болгон, бала 17 магниттик оюнчукту жутуп алгандыктан ооруканага жеткирилген.