Марлен Маматалиев депутаттардын айлык акысынын өлчөмүн атады
Парламенттын жыйынында 4-мартта Маматалиев депутаттардын айлык акысы тууралуу интервьюда суралганын билдирди. Ал тактады: "Менин жообум толук туура эмес берилген жана жарандар арасында түшүнбөстүктү жаратты. Депутаттардын айлык акысы 58 432 сомду түзөт. Ошондой эле 80 миң сомдук фонд бар, ал унааларды оңдоого, күйүүчү майга, айдоочулардын эмгек акысына жана региондордогу шайлоочулар менен иштөө үчүн колдонулат."