Бир түн ичинде Ысык-Көл облусунда 27 айдоочу алкогольдук мас абалда аныкталды
Иссык-Куль облусунун аймагында түнкү рейд учурунда 27 айдоочу алкогольдук мас абалда транспорт каражаттарын башкаргандыгы аныкталды, деп билдирет Turmushтун кабарчысы. Алынган маалыматка ылайык, 9-январда аймактагы жолдордо коопсуздукту жогорулатуу максатында «Рулда» аталышындагы рейд уюштурулган. Иш-чаранын жүрүшүндө жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери шаарга кирген жерлерде унааларды текшерүү жүргүзүштү.