Аэропорт "Манас"та күчтүү туман. Бир нече рейс кечикти
Бүгүн, 14-январда, "Манас" аэропортунда күчтүү туман байкалууда, бул рейстердин кечигишине алып келди. Бул маалыматты "Кыргызстан аэропорттору" ААКсы берди. Метеослужбанын маалыматына ылайык, аэропорттогу көрүнүш 175 метрди гана түзөт, ал эми коопсуз иштөө үчүн керектүү көрүнүш 800 метрге жетиши керек.