Башкы бет » Коом » ГУОБДД кызматкерлери айдоочулар жана автоунаалар тууралуу бардык маалыматтарды камтыган планшеттер менен кызмат өтөөгө киришти
Коом

ГУОБДД кызматкерлери айдоочулар жана автоунаалар тууралуу бардык маалыматтарды камтыган планшеттер менен кызмат өтөөгө киришти

«Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында Ички иштер министрлиги санариптик технологияларга өтүүдө.

ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей, президенттин иш башкармалыгынын алдындагы мамлекеттик «Кызмат» ишканасынын IT адистери жаңы мобилдик колдонмо иштеп чыгышкан. Ал ИИМ кызматкерлери күнүмдүк ишинде колдонууга киргизилген планшеттерге орнотулган.

ИИМдин маалыматына ылайык, бул колдонмо айдоочулар жана алардын транспорт каражаттары жөнүндө маалыматты ыкчам алууга мүмкүнчүлүк берет. Анын жардамы менен айдоочунун жеке маалыматтарын, айдоочулук күбөлүктүн маалыматын текшерүүгө, ошондой эле адамдын издөөдө бар-жогун аныктоого болот. Мындан тышкары, унаанын каттоосу, кошумча жабдуулардын болушу, айнектерди тонировкалоо боюнча уруксат, унааларды издөө жөнүндө маалымат жана айыппулдар тууралуу маалыматтар да жеткиликтүү.
Окшош материалдар:
gazeta.kg сайтын колдонуу менен сиз купуялуулук саясатын кабыл аласыз.
ОК