Бул индекс жакшы деп эсептелет.
Бишкектеги эң булганган үч аймак:
1. Байтик айылы - 148
2. Нагорье - 71
3. Бишкек эл аралык мектеби - 27
Бишкектеги абанын негизги булгануучусу PM2.5.
| Аба сапатынын индекси AQI | Булгануу деңгээли | |
| 0—50 | жакшы | Аба сапаты канааттандырарлык, булгануу норманын ичинде |
| 51—100 | канааттандырарлык | Аба сапаты кабыл алынуучу, айрым булгануучулар сезгич адамдар үчүн кооптуу болушу мүмкүн |
| 101—150 | сезгич топтор үчүн ден соолукка зыяндуу | Сезгич адамдарга таасир этиши мүмкүн, бирок калган адамдар үчүн таасир байкалбайт |
| 151—200 | ден соолукка зыяндуу | Бардыгы терс кесепеттерди сезиши мүмкүн, айрыкча сезгич адамдар |
| 201—300 | абдан ден соолукка зыяндуу | Ден соолукка кооптуу, бардык калкка таасир этиши мүмкүн |
| 300+ | кооптуу | Ден соолукка кооптуу, олуттуу кесепеттерди жаратат |
PM2.5 2.5 микрондон кичине катуу бөлүкчөлөрдү билдирет, бул адам чачынын диаметринин 30 эсе кичине. Алар абадагы чаң, күл, сажа, ошондой эле сульфаттар жана нитраттардын аралашмасын камтыйт. Бул заттар ири шаарларга мүнөздүү атмосферанын булгарышына алып келет.
Дүйнөлүк шаарлардын аба сапаты боюнча рейтингинде 25-мартта Бишкек 112-орунду ээлейт (саат 16:00дө).
• Аба булгануусунан коргонуу боюнча сунуштар:
- көчөдөн булганууну болтурбоо үчүн терезелерди жабыңыз;
- маска кийип жүрүңүз;
- ачык абада физикалык активдүүлүктү чектеңиз;
- аба тазалагычты колдонуңуз.