МЧСте жартылууларды азайтуу долбоорунун ишке ашырылышын талкуулашты
Жолугушуунун катышуучулары бардык пландалган иш-чараларды сапаттуу жана убагында аткаруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурушту.
Мындан тышкары, өзгөчө кырдаалдардан келип чыккан тобокелдиктерди азайтуу, инфраструктураны жакшыртуу жана жарандарды коргоо боюнча жаңы биргелешкен инициативаларды ишке ашыруу сыяктуу келечектеги кызматташтык багыттары каралды.
Пресс-кызматында белгилегендей, вице-министр бул инициативалардын табигый кырсыктарды алдын алууда жана алардын терс кесепеттерин азайтууда маанилүүлүгүнө ишенимин билдирди. Ал ошондой эле АӨБ менен өнөктөштүктү бекемдөөгө кызыкдар экенин белгилеп, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн бардык зарыл чараларды көрөөрүн кепилдеди.