Бул көрсөткүч канааттандырарлык деңгээлге туура келет.
Бишкектеги эң булганган аймактар:
1. Нагорье - 56
2. Бишкек эл аралык мектеби - 13
3. Байтик айыл - 11
Бишкектеги абанын негизги булгануучусу PM2.5.
| Абанын сапатынын индекси AQI | Булгануу деңгээли | |
| 0—50 | жакшы | Абанын сапаты канааттандырарлык, булгануу аз жана норманын чегинде. |
| 51—100 | канааттандырарлык | Абанын сапаты кабыл алынуучу; кээ бир булгануучулар булганууга сезгич адамдар үчүн коркунуч туудурушу мүмкүн. |
| 101—150 | сезгич топтор үчүн ден соолукка зыяндуу | Сезгич топтогу адамдарга терс таасир этүүсү мүмкүн, ал эми калган адамдар үчүн бул таасир байкалбай калышы мүмкүн. |
| 151—200 | ден соолукка зыяндуу | Бардык адамдар ден соолукка терс таасирлерге дуушар болушу мүмкүн, айрыкча сезгич адамдар үчүн бул таасирлер оор болушу мүмкүн. |
| 201—300 | абдан зыяндуу | Ден соолукка коркунучтуу, бардык жашоочуларга терс таасир этүүсү күтүлүүдө. |
| 300+ | коркунучтуу | Ден соолукка коркунуч туудурат, бардык адамдар үчүн олуттуу кесепеттерди жаратышы мүмкүн. |
PM2.5 2.5 микрондук кичинекей бөлүкчөлөрдү камтыйт, алардын диаметри адам чачынан 30 эсе кичине. Алардын катарына чаң, күл, күйүүчү заттар, ошондой эле абадагы сульфаттар жана нитраттар кирет. Бул заттар ири шаарларга мүнөздүү булганууну жаратат.
27-февралга карата Бишкек дүйнөлүк абанын сапаты жана булгануу рейтингинде 77-орунду ээлейт (11:00).
• Абанын булгануусунан коргонуу боюнча сунуштар:
- Булганган абанын киришин алдын алуу үчүн терезелерди жабыңыз;
- Маска кийиңиз;
- Ачык абада физикалык жүктөмдү чектеңиз;
- Аба тазалагычтарды колдонуңуз.